Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-октябры № 20
“Түшүм”майрамын райондук деңгээлде өткөрүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагында райондук денгээлде өткөрүлүүчү Айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата “Түшүм”майрамын уюштуруу боюнча Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысынын кайрылуусун карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагында “Түшүм”майрамын өткөрүү боюнча Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагындагы уюштурулуп жаткан “Түшүм”майрамы райондук денгээлде экендиги белгиленип,аны өткөрүү үчүн Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 200000 ( эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |