Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-октябры № 21
Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн кайрылуусу жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн байкоочу камераларды орнотууга көмөк көрсөтүү жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн байкоочу камераларды орнотууга көмөк көрсөтүү жөнүндөгү Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Кайрылууда көрсөтүлгөн объект Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу муниципалдык объектилердин катарына кирбегендигине байланыштуу мыйзам жол бербестиги белгиленип,жергиликтүү бюджетте каражаттын тартышына байланыштуу каражат бөлүп берүүгө уруксат берилбесин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |