КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2017-жылдын 30-октябры № 22
М.Мырзабаевдин жасалма уруктандыруу пунктун ачуу жөнүндөгү кайрылуусун кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы,М.Мырзабаевдин малдын асыл тукумдуулугун өстүрүү боюнча жасалма уруктандыруу пунктун ачууга көмөк көрсөтүү жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл чарбасын өстүрүүдө жасалма уруктандыруу пункттарынын өтө зарыл экендиги белгиленсин.
2. Каныш-Кыя айыл аймагында жасалма уруктандыруу пунктун ачуу боюнча 2018-жылдын социалдык-экономикалык программасына киргизилип,АРИС программасынын алкагындагы долбоорлорго киргизүү сунушталсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |