Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-октябры № 23
Чаткал райондук сотунун 2017-жылдын 25-сентябрдагы №228 токтомун аткаруу жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы Чаткал райондук сотунун 2017-жылдын 25-сентябрдагы №228 токтомун аткаруу боюнча Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысынын кайрылуусун карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал райондук сотунун 2017-жылдагы 25-сентябрындагы № АДМ-31-17-Д12 токтому эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагындагы Коргон-Сай айылындагы “Арзуу” бала бакчасынын имараты боюнча Чаткал райондук сотунун токтомунун негизинде 200000 (эки жүз миң)сом айып төлөнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетке,аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |