КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2017-жылдын 30-октябры № 24
“Ак шоола”балдар бакчасына кошумча тайпа ачуу жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы “Ак шоола”балдар бакчасынын кошумча тайпалары боюнча Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысынын кайрылуусун карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Ак шоола”балдар бакчасынын кошумча тайпасы боюнча Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагындагы Чакмак-Суу айылындагы “Ак шоола ” бала бакчасын Чакмак-Суу мектебинин эски имаратына көчүрүүго жана кошумча тайпа ачууга уруксат берилип, II тайпанын тамак-ашын каржылоо жергиликтүү бюджетке түшүрүлгөн кошумча каражаттардан болунуп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетке,аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |