Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-январы № 5
2018-2023-жылдарга карата түзүлгөн стратегиялык планын бекитүү жөнундө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын Х сессиясынын Каныш-Кыя айыл аймагынын 2018-2023-жылдарга карата түзүлгөн стратегиялык планын карап чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын 2018-2023-жылдарга карата түзүлгөн стратегиялык планы бекитилсин.
2. Стратегиялык планга киргизилген иштерди өз убагында аткарууда айыл аймагынын кызматкерлери менен айылдык Кенештин тиешелүүлүгүнө карата туруктуу комитеттери тыгыз байланышта иш алып баруу жагы тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |