Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-январы № 6
2018-жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү жөнүндө
Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2018-жылга карата түзүлүшү боюнча айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековдун билдирүүсүн угуп, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин сессиясы төмөндөгүдөй белгилейт: Жогорудагы көрсөтүлгөн маалыматтарды угуп жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Канш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү жергиликтүү салыктардан жана жыйымдардан топтоонун көлөмү № 1- тиркеменин негизинде 2018-жылга карата 64851,6 мин сом өлчөмүндө бекитилсин жана өз убагында жыйноону камсыздоо Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү №2 тиркеменин негизинде 2018-жылга карата 64851,6 мин сом өлчөмүндө бекитилсин. Эң биринчи кезекте эмгек акыга, социалдык фондго чегерүүгө жана коммуналдык чыгымдарга, бала бакчалардын тамак - ашына, сапар чыгымдарына жумшалаары белгиленсин.
3. Чаткал райондук мамлекеттик статистика бөлүмү тарабынан 2018-жылдын 18-январындагы №14 чыгыш тактамасынын негизинде 2018-жылдын 1-январына карата Каныш-Кыя айл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн калкынын саны 10108 болгондуктан , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы №403 токтомунун негизинде айыл Өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санын бекитүү боюнча жана Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнө, башчынын орун басары жана бир жетектөөчү адис штат бирдиги берилсин.
4. Кыргыз Рсепубликасынын бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык айыл аймагынын бюджетинин чыгымдарынын көлөмүнүн 1% же 648,5 миң сом өлчөмүндө айыл аймагынын резервдик фондусу түзүлсүн. Ошондой эле ушул мыйзамдын 110-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык, айыл аймагынын бюджетинин кассалык накталай жүгүртүлүүчү акча каражатынын көлөмү жыл башына карата 696,3 мин сом өлчөмүндо бекитилсин.
5. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык айыл аймагынын бюджетинин чыгымдарынын көлөмүнүн 1% же 648,5 мин сом өлчөмүндө айыл аймагынын резервдик фондусу тузулсун. Ошондой эле ушул мыйзамдын 110-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык, айыл аймагынын бюджетинин кассалык накталай жүгүртүлүүчү акча каражатынын көлөмү жыл башына карата 696,3 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн атайын каражат эсебинде 2018-жылдын 1-январына карата калган 1353,5 сом акча каражаты №4 тиркеменин негизинде жумшалаары белгиленсин.
7. Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтуу бюджетинин долбоорунун киреше жана чыгаша бөлүгүнүн көлөмү 2019-жылга 57145,0 мин сом, 2020-жылга 60698,1 мин сом өлчөмүндө белгиленсин.
8. Айыл аймагынын финансы экономика бөлүмүнө бюджеттик мекеме - уюмдардын жетекчилерин белгиленген лимиттерди максаттуу пайдалануу жагы тапшырылсын.
9. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
10. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
11. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |