Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-январы № 7
Айгыр-Жал айылынын Кармоцех участкасына таза суу чыгаруу жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын Х сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагынын 2018-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген Айгыр-Жал айылынын Кармоцех участкасына таза суу чыгаруу боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айгыр-Жал айылынын Кармоцех участкасына таза суу чыгаруу боюнча Каныш-Кыя айыл аймагынын түзгөн смета проектиси эске алынсын.
2. Райондук өнүктүрүү фондунун талаптарына ылайыкталып жазылган долбоордун негизинде Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен өздүк салымы үчүн 830,8 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |