Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-январы № 8
Каныш-Кыя айылына таза суу чыгаруу иштери жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын Х сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагынын 2018-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген Каныш-Кыя айылына таза суу чыгаруу боюнча кошумча иштерине каражат бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып Каныш-Кыя айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айылына таза суу чыгаруу долбоорунун кошумча иштери боюнча сметасы даярдалсын.
2. Даярдалган долбоор сметасы райондук өнүктүрүү фондусуна сунушталсын жана талапка ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен өздүк салымы үчүн тиешелүү акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |