Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-январы № 9
Беш айылдын борбордук көчөлөрүнө жарыктандыруу ишин жүргүзүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын Х сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагынын 2018-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген Айгыр-Жал, Коргон-Сай, Башкы-Терек, Чакмак-Суу, Каныш-Кыя айылдары аркылуу өтүүчү борбордук көчөлөргө көчө жарыгын орнотуу боюнча кайрылуусун карап чыгып Каныш-Кыя айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айгыр-Жал, Коргон-Сай, Башкы-Терек, Чакмак-Суу, Каныш-Кыя айылдары аркылуу өтүүчү борбордук көчөлөргө көчө жарыгын орнотуу боюнча смета проектиси даярдалсын.
2. Даярдалган смета-проектиси райондук өнүктүрүү фондусуна сунушталсын жана талапка ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен өздүк салымы үчүн тиешелүү акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |