Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-январы № 10
Айыл чарба техникаларын өткөрүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын Х сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя МТС муниципалдык ишканасы боюнча кайрылуусун карап чыгып Каныш-Кыя айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя МТС муниципалдык ишканасына “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү -2” долбоору аркылуу келген айыл чарба техникалары, шаймандары өткөрүлүп берилсин.
2. Каныш-Кыя МТС муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берилген айыл чарба техникаларынын иштөө тарифтери тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагына жана түзүлгөн ишкананын жетекчисине милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |