Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-январы № 11
Фабрика курууга уруксат беруу жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын Х сессиясы “Глобал Джамгыр Майнинг” ЖЧКсынын фабрика курууга 172,02 га жер участогунун трансформациясы боюнча Чаткал райондук мамлекеттик администрациясына жөнөткөн кайрылуусун карап чыгып Каныш-Кыя айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 “Глобал Джамгыр Майнинг” ЖЧКсынын фабрика курууга 172,02га жер участогун бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндөгү кайрылуусу эске алынсын.
2. “Глобал Джамгыр Майнинг” ЖЧКсынын “Джамгыр” участогунун түштүк – батыш тарабына кен байлыктарды иштетүүчү ишкана куруу үчүн жер аянтына төмөндөгү контурдук №1144, 146,147, 148, 157,162,163,173 жалпы жер аянты 10,6 гектар-айыл чарба өндүрүшүндө пайдаланылбаган таштак жерлер жана таш шилендилери №135,141,142,143,160,159,161,158,164 жалпы 59,4 гектар таштак жайыт жери: топурактын түрү боюнча тоонун шалбаа альпы топурагына киргендиги, таштуулугу боюнча өтө таштуу, топурактын калындыгы орточо тайыздыкта жана топурактын бонитети анын терс сапаттарын эске алганда 15 балл экендиги жана контур №40,42,52,47,142,149,135 жалпы аянты 102,0 гектар-таштак жайыт жери: топурактын туру боюнча тоонун талаа шалбаа альпы топурагына киргендиги, таштуулугу боюнча өтө таштуу, механикалык курамы женил куймалуу жер 0,3- 0,5 метр терендиктен кийин чон таштардан тургандыгын, топурактын бонитети анын терс сапаттары 8(сегиз) балл экендиги эке алынып, кен байлыктарды иштетүүчү ишкана курууга жалпы 172,02 га жер аянтынын максаттык багытын өзгөртүү үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргоонун жана башка багытындагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин жана райондук мамлекеттик администрацияга которууга сунуш беруу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |