Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-январы № 12
Каныш-Кыя МТС муниципалдык ишканасына кошумча техникаларды алуу жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын Х сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя МТС муниципалдык ишканасына кошумча техникаларды алуу боюнча кайрылуусун карап чыгып Каныш-Кыя айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя МТС муниципалдык ишканасына кошумча техникаларды сатып алуу АРИС программасы тарабынан 8 128,0сомго каржылануусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя МТС муниципалдык ишканасына кошумча техникаларды сатып алууга 2710,0(эки млн.жети жүз он миң) сомдук өздүк салымы менен райондук өнүктүрүү фондусуна долбоор даярдалып жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагына жана түзүлгөн ишкананын жетекчисине милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |