Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-январы № 13
Каныш-Кыя МТС муниципалдык ишканасына кошумча айыл чарба шаймандарын сатып алуу жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын Х сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя МТС муниципалдык ишканасына кошумча айыл чарба шаймандарын сатып алуу боюнча кайрылуусун карап чыгып Каныш-Кыя айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя МТС муниципалдык ишканасына айыл чарба шаймандарын сатып алууга уруксат берилсин.
2. Каныш-Кыя МТС муниципалдык ишканасына айыл чарба шаймандарын сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 680,0(алты жүз сексен миң) сом каражат бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагына жана түзүлгөн ишкананын жетекчисине милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |