Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-январы № 14
Каныш-Кыя-Сай участкасына көпүрө куруу жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын Х сессиясы Каныш-Кыя айылындагы Каныш-Кыя-Сай участкасына жөө адамдар жана мал өтүүчү көпүрөнү куруу боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айылындагы Каныш-Кыя-Сай участкасына жөө адамдар жана мал өтүүчү көпүрөнү курууга АРИС тарабынан 6596,0(алты млн.беш жүз токсон алты миң) сомдук долбоор каржылануусу белгиленсин.
2. Каныш-Кыя айылындагы Каныш-Кыя-Сай участкасына жөө адамдар жана мал өтүүчү көпүрөнү куруу боюнча долбоордогу 1 904,0(бир млн.тогуз жүз төрт миң) сом өздүк салымы“ЗААВ Чаарат” ишканасы тарабынан каржылануусу эске алынсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагына жана түзүлгөн ишкананын жетекчисине милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |