Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-январы № 15
Айыл чарба жерлерин ижарага берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын Х сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл чарба жерлерин ижарага берүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл чарба жерлерин ижарага берүү боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл чарба багытындагы жерлери “Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фонддун жерлерин ижарага берүү тартиби” жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2007-жылдын 29-июнундагы N 1997-III токтому менен бекитилген «Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу ТИПТҮҮ жобого ылайык ижарага берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |