Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-январы № 17
Ата-энеси жок балдарга колдоо көрсөтүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын Х сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагындагы тоголок жетим балдарга жер күбөлүктөрүн алып берүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагындагы тоголок жетим балдарга жер күбөлүктөрүн алып берүү боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагындагы тоголок жетим балдарга жер күбөлүктөрүн алып берүү үчүн Чаткал райондук мамлекеттик кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнүн тарифине ылайык тиешелүү акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |