Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-январы № 19
Каныш-Кыя айыл аймагына ат майданын куруу боюнча
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын Х сессиясы Чаткал райондук “Көк бөрү жана күрөш ”федерациясынын кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал райондук “Көк бөрү жана күрөш ”федерациясынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагында улуттук оюндарды жандандыруу,жаштарды машыктыруу үчүн ат майдандарын курууга тиешелүү жер аянты бөлүнүп берилип, Каныш-Кыя айыл аймагынын стратегиялык планына киргизилип,ат майданын курууга тиешелүү акча каражатын чечүү жагы инвесторлорду тартуу менен каралсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |