Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-январы № 157
Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жолдошов 17.01.2019-ж. айыл тургундары менен өткөрүлгөн жыйында катышуучулар үй-бүлөлүк жаңжалдашуу, зордук-зомбулук, уурулук сыяктуу жат көрүнүштөр, көбүнчө, спирт ичимдиктерин ичкен жарандар арасында болуп жаткандыктан, ал көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн сприт ичимдиктерин саткан соода дүкөндөрүнүн иштөө убагына чектөө коюп берүүнү же саттырбай коюуну суранышкан кайрылууларын айтып, бул аракечтикке каршы күрөшүү маселеси көптөн бери айыл тургундары тарабынан айтылып келе жаткандыгын билдирди. Маселени угуп жана талкуулап, Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл аймагындагы спирт ичимдиктерин саткан соода дүкөндөрүнүн иштөө убактысына чектөө киргизилсин: иштөө убагы: эртең мененки саат 08:00дөн кечки саат 20:00гө чейин белгиленсин.
2. Орозбеков айыл өкмөтүнө (А.Жолдошов) айыл аймагындагы спирт ичимдиктерин саткан дүкөндүн ээлерин айылдык кеңештин токтому менен тааныштыруу жана иштөө убактысына чектөө киргизилгендиги боюнча эскертме берүү жагы тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин административдик укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Назарбаев |