Редакцияот 19.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын Х сессиясы

 

2018-жылдын 19-январы № 21

КААБнун төрагасы Т.Мырзалиевдин кайрылуусу боюнча

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын Х сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагынын коомдук алдын алуу борборунун төрагасы Т.Мырзалиевдин эмгек маянасын төлөп берүү боюнча кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каныш-Кыя айыл аймагынын коомдук алдын алуу борборунун төрагасы Т.Мырзалиевдин кайрылуусу эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 25-июнундагы №82 мыйзамынын 12-1 статьясында көрсөтүлгөндөй КААБнун төрагасы Т.Мырзалиевдин эмгек маянасы Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинде акча каражатынын тартыштыгына байланыштуу төлөнүп берилбесин жана башка булактардан каржылоо үчүн сунуш берилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

Төрага

Ж. Бегалиев