Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-февралы № 2
Жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин 2018-жылга карата түзүлгөн сметасын, мал башына төлөнүүчү тарифтердин, штаттык бирдигин жана пайдалануу 30,0 га жайыт аянтын бекитип берүү жөнүндө кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Ж.Камчыбековдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин 2018-жылга карата түзгөн сметасы, мал башына төлөнүүчү, штаттык бирдиги жана пайдаланууга 30,0 га жайыт аянты (№1,2,3,4,5) тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жайыт комитетинин 2018-жылга карата бюджетин 1600557 сомго бекитилип, жер салыгы 204768 сомго, жайыт акысы 1395789 сомго бекитилип, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин жана “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын ченемдерине ылайык келтирүү максатында, жайыт акынын үчтөн эки бөлүгү 1067,0 миң сом Жайыт комитетине которулуп берилсин жана үчтөн бир бөлүгү 328,8 миң сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл аймагынын башкаруу аппаратынын 3111 беренесине бекитилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы Ж.Камчыбековго милдеттендирилип, көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |