Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-февралы № 3
Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин кайрылуусун кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин кайрылуусу эске алынсын.
2. 2018-жылдын январь айынын башынан баштап ар бир атылган карышкырга жайыт комитетинин инфраструктурага каралган акчадан 5000 сом (беш миң сом) өлчөмүндө кызыктыруучу сыйлык катары акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |