Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-февралы № 4
Калктуу конуштарга айыл статусун берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагынын тургундарынын кайрылуусун карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Каныш-Кыя айылынын жалпы тургундарынын элдик жыйынын токтому бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 “Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” токтомуна ылайык Каныш-Кыя айылына караштуу Жер-Капчыгай калктуу конушуна айыл статусу берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 “Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” токтомуна ылайык айыл статусун берүүгө талап кылынган тиешелүү документтерин бүтүрүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |