Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-февралы № 8
Айыл статусун алуучу калктуу конуштардын чек араларын бекитип берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХI сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Каныш-Кыя айылынын жалпы тургундарынын Каныш-Кыя айылында статус алынбаган калктуу конуштарга статус алып берүү боюнча элдик жыйындын токтому менен жөнөтүлгөн кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу калктуу конуштарга айыл статусун алып берүү боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Калктуу конуштардын чек араларын тактоо боюнча тиешелүү документтер толук болбогондугуна байланыштуу Каныш-Кыя айыл аймагынын жер жана турак жай адиси К.Курманалиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагын өзумө калтырамын.
Төрага | Ж. Бегалиев |