Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-февралы № 9
Каныш-Кыя МТС муниципалдык ишканасынын бюджетин бекитүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя МТС муниципалдык ишканасынын 2018-жылга карата түзүлгөн бюджетин, тарифтерин, штаттык бирдигин бекитип берүү жөнүндө кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя МТС муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т.Алимбековдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя МТС муниципалдык ишканасынын 2018-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү 1 –тиркемеге ылайык жана чыгаша бөлүгү 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя МТС муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т.Алимбековго милдеттендирилип, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |