Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-февралы № 10
Акча каражатын жылдыруу жөнүндө
Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгашасынан бир беренеден экинчи беренеге акча каражатын жылдыруу боюнча айыл аймагынын ФЭБ нүн башчысы К.Темирбековдун билдирүүсүн угуп, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин сессиясы төмөндөгүдөй белгилейт.Жогорудагы көрсөтүлгөн маалыматтарды угуп жана талкуулап,Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгашасынан бир беренеден экинчи беренеге акча каражатын жылдыруу боюнча айыл аймагынын ФЭБ нүн башчысы К.Темирбековдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгашасынан бир беренеден экинчи беренеге тиркемеге ылайык 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин финансы-экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |