Редакцияот 22.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы

 

2018-жылдын 22-февралы № 11

Чакмак-Суу айылынын тургундарынын кайрылуусун кароо жөнүндө

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы Чакмак-Суу айылынын тургундарынын Ак Шоола бала бакчасына балдар уктоочу кровать алып берүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чакмак-Суу айылынын тургундарынын Ак Шоола бала бакчасына балдар уктоочу кровать алып берүү боюнча кайрылуусу эске алынсын.

2. Ак-Шоола бала бакчасына балдар уктоочу кровать сатып алуу үчүн Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын X сессиясынын №6 токтомунун 6 бөлүмүнүн №4 тиркемесиндеги 70911 разделинен 36,0 (отуз алты миң )сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын ФЭБ нүн башчысы К.Темирбековго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Ж. Бегалиев