Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-февралы № 12
Башкы-Терек орто мектебин капиталдык оңдоодон өткөрүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы Башкы-Терек орто мектебинин директору Т.Бекмуратовдун Башкы-Терек орто мектебин капиталдык оңдоодон өткөрүп берүү боюнча кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Башкы-Терек орто мектебинин директору Т.Бекмуратовдун Башкы-Терек орто мектебин капиталдык ондоодон өткөрүп берүү боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Башкы-Терек орто мектебинин капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча 2018-жылга проект сметаларынын долбоору түзүлсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын .
Төрага | Ж. Бегалиев |