КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
2018-жылдын 22-февралы № 13
Райондук маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы Чаткал райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Ж.Нурбаевдин маданият үйүн капиталдык оңдоодон өткөрүп берүү боюнча кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Ж.Нурбаевдин Маданият үйүн капиталдык оңдоодон өткөрүп берүү боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Чаткал райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Ж.Нурбаевдин кайрылуусу эске алынып 2018-жылда проект сметаларынын долбоору түзүлүп,акча каражатын каржылоо жагы Чаткал райондук өнүктүрүү фондусунан суралсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын
Төрага | Ж. Бегалиев |