Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-февралы № 14
Каныш-Кыя ветсервисинин башчысы Э.Кубатбековдун кайрылуусун кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы Каныш-Кыя ветсервисинин башчысы Э.Кубатбековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя ветсервисинин башчысы Э.Кубатбековдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя ветсервисине вакциналарды,ийне жана башка жабдыктарды сатып алуу учун каражат бөлүнүп берилсин жана келишимдин негизинде эки айлык мөөнөт менен эки штат бирдиги берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Каныш-Кыя айыл аймагынынын ФЭБ нүн башчысы К.Темирбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |