Редакцияот 22.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы

 

2018-жылдын 22-февралы № 15

Арстанов Медердин кайрылуусун кароо жөнүндө

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин кезексиз VI чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагынын электриги Арстанов Медердин кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каныш-Кыя айыл аймагынын электриги Арстанов Медердин кайрылуусу эске алынсын.

2. Өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу келишимдин негизинде 0,5(жарым) ставка менен бир штат бирдиги берилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын ФЭБ нүн башчысы К.Темирбековго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Ж. Бегалиев