Редакцияот 22.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы

 

2018-жылдын 22-февралы № 16

Каныш-Кыя айыл аймагына ветеринардык клиника салуу жөнүндө

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы Чаткал райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармасынын башчысы Ж.Жолдошевдин кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чаткал райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармасынын башчысы Ж.Жолдошевдин кайрылуусу эске алынсын.

2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн алдында ветеринардык клиниканын имаратын салууга жалпы сметалык баасы 6 822680,0 (алты млн.сегиз жүз жыйырма эки миң алты жүз сексен) сомунун ичинен IFAD тарабынан каралган 5117010,0 (беш млн.бир жүз он жети миң он) сомдон тышкары өздүк салым үчүн Чаткал райондук өнүктүрүү фондусунан 1 705670,0 ( бир млн. жети жүз беш миң алты жүз жетимиш) сом акча каражаты каржылануусу сунушталсын.

3. Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2” долбоорунун 2 грантына атайын айыл чарба техникаларын сатып алууда IFAD дан 11939250 (он бир миллион тогуз жүз отуз тогуз миң эки жүз элүү) сом өздүк салым үчүн каржылануусу сунушталсын.

4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

Төрага

Ж. Бегалиев