Редакцияот 26.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХII сессиясы

 

2018-жылдын 26- марты № 1

“Чебурашка”балдар бакчасына каражат бөлүп берүү жөнүндө

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетинин VI чакырылышынын кезексиз ХII сессиясы “Чебурашка” балдар бакчасынын жетекчиси Г.Рыскулованын кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Чебурашка” балдар бакчасынын жетекчиси Г.Рыскулованын кайрылуусу эске алынсын.

2. “Чебурашка“ балдар бакчасынын жаңы имаратын жасалгалоо үчүн башка кызматтарды төлөөгө байланышкан чыгымдар статьясынан-22154900 30 000 сом (отуз миң сом),эмеректерди утурумдук ремонттоого чыгымдар статьясынан-22211100 20 000 сом ( жыйырма миң сом) акча каражатын утурумдук чарбалык чыгымдар максаты үчүн материалдарды жана предметтерди алып келүү статьясына-22221200 жалпы 50 000 сом (элүү миң сом) акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

Төрага

Ж. Бегалиев