Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7- июну № 1
Курулуп жана капиталдык ремонттон өткөрүлүп жаткан обьектилер жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин 04.06.2018-жылдагы №4 буйругуна ылайык Каныш-Кыя айыл аймагындагы жергиликтүү бюджеттен курулуп жана капиталдык ремонттон өткөрүлүп жаткан объектилердин сапаттуулугуна көзөмөл жүргүзүү боюнча түзүлгөн убактылуу комиссиянын берген маалыматын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагындагы жергиликтүү бюджеттен курулуп жаткан жана капиталдык ремонттон өткөрүлүп жаткан объектилердин сапаттуулугуна көзөмөл жүргүзүү боюнча түзүлгөн убактылуу комиссиянын берген маалыматы эске алынсын.
2. Курулуп жаткан объектилердин кошумча акча каражатын талап кылып жаткандыктан, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитеттердин кайра карап чыгуусуна калтырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |