Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-июну № 2
Жайыт комитетинин аткарып жаткан иштери жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин 04.06.2018-жылдагы №2 буйругуна ылайык, Каныш-Кыя айыл аймагындагы жайытка малдарды жайгаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге көзөмөл жүргүзүү боюнча түзүлгөн убактылуу комиссиянын берген малыматын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагындагы жайытка малдарды жайгаштыруу боюнча жүргузүлүп жаткан иштерге көзөмөл жүргүзүү боюнча түзүлгөн убактылуу комиссиянын берген маалыматы эске алынсын.
2. Жайыт комитетинин мүчөлөрү менен ар бир аткарылып жаткан иштердин жыйынтыгы боюнча отурум өткөрүп туруу эскертилсин.
3. Каныш-Кыя айыл аймагындагы жайытка малдарды жайгаштыруу боюнча кемчиликтер эске алынып, кемчиликтерди жоюу боюнча Каныш-Кыя айыл аймагынын Жайыт комитетине эскертилсин жана Жайыт комитетинин ишин көзөмөлгө алуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |