Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-июну №3
Досбаев Сардарбектин арызын кароо жөнундө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XIII сессиясы Каныш-Кыя айылынын тургуну Досбаев Сардарбектин арызын карап, анын ден соолугуна байланыштуу операция жасоо үчүн көп суммадагы акча керектелерин эске алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айылынын тургуну Досбаев Сардарбектин арызы эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын бюджетинен Досбаев Сардарбекке операция жасатууга 50,0 (элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |