КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы
2018-жылдын 7-июну № 4
Каныш-Кыя айылынын тургундарынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айылынын Женижок көчөсүнүн тургундарынын мурунку жылы көчөгө шагал төгүлүп,бирок көчөнүн айрым бөлүгүнө толук төгүлбөй калгандыктан, толук шагал төгүп асфальт жасап берүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Женижок көчөсүнүн тургундарынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын бюджетинин тартыштыгы эске алынып, Женижок көчөсүн асфальттап берүү келерки жылга калтырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |