Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-июну № 5
Айгыр-Жал айылынын тургундарынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагынын Айгыр-Жал айылынын Чапаев участкасындагы электр жарыгынын өтө начарлыгына байланыштуу кошумча электр линияларын тартып берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айгыр-Жал айылынын Чапаев участкасынын тургундарынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Электр линиясын тартууга керектелүүчү акча каражаты такталып, түзүлгөн смета проектинин негизинде тиешелүү акча каражатын бөлүп берүү Каныш-Кыя айыл аймагына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |