Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-июну № 6
Т.Мырзалиевдин эмгек маянасы жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борборунун төрагасы Т.Мырзалиевдин арызын карап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын коомдук алдын алуу борборунун төрагасынын арызы эске алынсын.
2. Коомдук алдын алуу борборунун төрагасына келишимдин негизинде 2018-жылдын июнь айынан 5,0 (беш миң) сом эмгек акы төлөп берүү белгиленсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |