Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-июну № 7
Сапаралиев Абдубакирге материалдык жардам берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңеши Айгыр-Жал айылынын тургуну Сапаралиев Абдубакир Абдулдаевичтин турмуш шартын, көп балалуу экендигин, үй-там салууга мүмкүнчүлүгү жоктугун, жаш балдарынын келечеги үчүн айыл тургундары ашар жолу менен үй- там куруп бере тургандыгын эске алып, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын Айгыр-Жал айылынын тургуну Сапаралиев Абдубакирдин турмуш шарты эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 70,0 (жетимиш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |