КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы
2018-жылдын 7-июну № 8
А.Алматованын арызын кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңеши Каныш-Кыя айылынын тургуну А.Алматованын арызын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айылынын тургуну А.Алматованын арызы эске алынсын.
2. Үй- тамга келтирилген чыгымдар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу башкармалыгы менен бирдикте атайын комиссия менен такталсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |