Редакцияот 07.06.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы

 

2018-жылдын 7-июну № 9

Терек-Сай айыл аймагынын кайрылуусун кароо жөнүндө

Каныш-Кыя айылдык Кеңеши Терек-Сай айыл аймагынын 24-май 2018-жылдагы кайрылуусунда Каныш-Кыя совхозу болуп турганда Кызыл-Токой совхоздун №3 бөлүмчөсү болуп келген. Совхоз тарагандан кийин 1994-жылы айыл өкмөттөр түзүлгөндөн кийин Кызыл-Токой айылы Каныш-Кыя айылынын 135 км алыстыкта жайгашкандыктан, Терек-Сай айыл өкмөтүнө Кызыл-Токой айылынын бардык документтери өткөрүлүп берилгендигин, администрациялык-аймактык түзүлүштүн 41703230822050 коду менен Каныш-Кыя айыл аймагында катталып жүргөндүгүн эске алып, Терек-Сай айыл аймагынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө билдирүүсүн карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XIII сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Терек-Сай айыл аймагынын 24.05.2018-жылдагы кайрылуусу эске алынсын.

2. Каныш-Кыя айыл аймагында администрациялык-аймактык бирдиктердин 41703230822050 коду менен жүргөндүгүн эске алып, Терек-Сай айыл аймагына өткөрүп берүү,Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ААБОТтун классификаторун жүргүзүүнү Улуттук стат комитетинин Башкы эсептөө борборуна сунушталсын.

3. Терек-Сай айыл аймагында Кызыл-Токой айылынын бардык социалдык маселеси каралып жаткандыктан, географиялык жактан жакын жайгашкандыктан Терек-Сай айыл аймагына өткөрүлүп берилсин.

4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айыл аймагына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Ж. Бегалиев