Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-июну № 10
Ж.Жайлоевага жардам берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңеши Каныш-Кыя айылынын тургуну Ж.Жайлоеванын турмуш - шартын карап, үй- тамынын эскилиги жеткендигин эске алып, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айылынын тургуну Ж.Жайлоеванын арызы эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 60,0 (алтымыш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |