Редакцияот 07.06.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы

 

2018-жылдын 7-июну № 11

Н.Валижанованын арызын кароо жөнүндө

Каныш-Кыя айылдык Кеңеши Чакмак-Суу айылынын тургуну Н.Валижанованын турмуш- шартын жана тамын ондоого жардам сурап жазган арызын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чакмак-Суу айылынын тургуну Н.Валижанованын турмуш шарты эске алынсын.

2. Үй -тамын ондоого Каныш-Кыя айыл аймагынын бюджетинен 24,0 (жыйырма төрт миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.

 

Төрага

Ж. Бегалиев