КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы
2018-жылдын 7-июну № 12
Г.Алтыбаевага жардам берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңеши Айгыр-Жал айылынын тургуну Алтыбаева Гулзаттын ден соолугуна байланыштуу анын турмуш - шартын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Айгыр-Жал айылынын тургуну Г.Алтыбаеванын арызы эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 50,0 (элүү миң )сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |