Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-июну № 13
Б.Баймырзаевдин тиш дарылоочу аппарат алып берүү боюнча кайрылуусун кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңеши Чаткал райондук жалпы дарыгерлер практика борборунун директору Б.Баймырзаевдин тиш дарылоочу (бор машина) аппаратты алуу боюнча кайрылуусун карап, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагындагы Чаткал райондук жалпы дарыгерлер практика борборунун директору Б.Баймырзаевдин кайрылуусу эске алынсын.
2. Райондук жалпы дарыгерлер практика борборунун тиш тазалоочу (бор машина) аппаратына жалпы 250,0 (эки жүз элүү миң) сом акча керектелери эске алынып, бюджеттин тартыштыгына байланыштуу Чаткал райондук фондусунан акча каражатын бөлүштүрүп берүү жагы суралсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |