Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-июну № 14
Айгыр-Жал айылынын тургундарынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңеши Айгыр-Жал айылынын Үстүңкү айыл жаны конушунун электр зымдарынын тартылышы начардыгын линияны оңдоп түзөө, трансформаторлорду жылдыруу боюнча кайрылуусун карап, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Айгыр-Жал айылынын тургундарынын кайрылуусу эске алынсын. .
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын бюджетинин тартыштыгын эске алып, жаңы конуштагы тургундардын электр линиясын мыйзамга ылайык оңдоо үчүн 2019-жылга калтырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |