Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-июну № 15
“Чаткал Жеткинчек”балдар эс алуу борборуна инвентарларды алып берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңеши Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу “Чаткал Жеткинчек” балдардын эс алуу борборунун шартын жакшыртуу боюнча карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу “Чаткал Жеткинчек” балдардын жайкы эс алуу борборунун шартын жакшыртуу эске алынсын.
2. “Чаткал Жеткинчек” балдардын эс алуу борборуна керектүү инвентарларды алуу үчүн ар кандай чыгымдардын эсебинен 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |