Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-июну № 16
А.Баймырзаевдин кайрылуусу жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңеши А.Баймырзаев атындагы орто мектебинин директорунун кайрылуусун карап, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айылынын А.Баймырзаев атындагы орто мектебинин директорунун кайрылуусу эске алынсын.
2. Мектептин жылытуу системасын курууга карата толук сметалык бааларын тактап акча каражатын каржылоо 2019-жылдын бюджетине калтырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |