Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-июну № 18
Каныш-Кыя-Сай участкасына көпүрө куруу жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы, Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя - Сай участкасына көпүрө куруунун жалпы сметалык долбоорун карап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айылынын тургундарынын Каныш-Кыя -Сайга көпүрө салуу боюнча жазган кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя -Сай көпүрөсүнүн жалпы сметалык долбоорун карап, бюджетте акча каражатынын тартыштыгын эске алып, бюджетке акча түшкөндөн кийин кайра каралсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |